Кыргызстандын аймактары боюнча 23-октябрдан 4-ноябрга чейинки аба ырайы тууралуу божомол
Ventusky ресурсуунун маалыматына караганда, алдыдагы жума ичинде эң суук аба ырайы Нарындын жана Ысык-Көлдүн тоолуу аймактарында байкалат. Эң жылуу аба түштүк облустарында болот.
Бишкек
23–25-октябрда аба жылуу болот — күндүз +25° чейин, түнкүсүн +10…+12°. 26–27-октябрда жамгыр жаайт, аба салкындап, түнкүсүн +10…+13° чейин түшөт. 28-октябрдан тартып кайрадан ачык аба ырайы күтүлөт. 4-ноябрга чейин күндүз +19…+25°, түнкүсүн +7…+12°.
Чолпон-Ата
27-октябрга чейин аба булуттуу болот. Күндүз +13…+15°, түнкүсүн +10…+12°. 28-октябрда аба кескин сууйт — күндүз +3°, түнкүсүн –1°. Айдын аягынан тартып ноябрдын башына чейин жаан-чачын болбойт, бирок аба муздак: күндүз +4…+6°, түнкүсүн –1° чамасында.
Нарын
23–25-октябрда салкын аба күтүлөт: күндүз +10…+12°, түнкүсүн 0…+3°. 27–28-октябрда аз-аздан жамгыр жаашы мүмкүн, аба +8…+9° чейин төмөндөйт. 30-октябрдан 4-ноябрга чейин ачык аба ырайы сакталат, күндүз +9…+11°, түнкүсүн 0…–1°.
Талас
Аба ырайы өзгөрмөлүү болот: 23–25-октябрда ачык, күндүз +21…+22°. 26–27-октябрда жамгыр жаап, күндүзгү температура +14…+15° чейин түшөт. 28-октябрдан тартып кайрадан күн ачык болуп, күндүз +20°, түнкүсүн +5…+10°.
Манас (Жалал-Абад)
23–25-октябрда аба ырайы жылуу — күндүз +25…+26°, түнкүсүн +9…+10°. 26–28-октябрда кыска мөөнөттүү жамгыр жаайт, күндүз +21…+23°, түнкүсүн +11…+13°. 29-октябрдан тартып кайра ачык жана жылуу аба сакталат: күндүз +25°, түнкүсүн +12°.
Ош
23–25-октябрда күн ачык, жылуу — күндүз +22…+24°, түнкүсүн +10…+12°. 26–27-октябрда жамгыр жаашы күтүлөт, аба бир аз салкындап, күндүз +21°. 28-октябрдан 4-ноябрга чейин жаан-чачын болбойт, күндүз +21…+22°, түнкүсүн +11…+13°.
Баткен
23–26-октябрда кургак жана жылуу аба болот: күндүз +18…+19°, түнкүсүн +9…+12°. 27–29-октябрда жамгыр жаап, температура +14…+17° чейин түшөт, түнкүсүн +8…+10°. 30-октябрдан тартып кайрадан ачык аба күтүлөт, күндүз +20°, түнкүсүн +9°.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




