Ошто Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Орусия, Иран менен беттешет
Кыргызстандын жаштардан куралган футбол боюнча курама командасы (U-23) эл аралык турнирге катышат, деп жазат "Спорт АКИпресс" басылмасы.
Мелдеш 12–18-ноябрда Ош шаарында өтөт. Ага Бахрейн, Иран, Кыргызстан жана Орусиянын жаштар курама командалары катышмакчы.
Маалыматка караганда, бул мелдеште Орусияны 21 жаштан ашпаган оюнчулы ойнойт.
Кыргызстандын (U-23) курама командасы 2026-жылдын январында өтө турган Азия кубогунун финалдык этабына даярданып жатат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




