Президенттин Ош облусундагы өкүлү мамлекеттик кызматкерлерди шайлоо учурунда ыйгарым укуктарынан аша чаппоону тапшырды
Бүгүн, 31-октябрь күнү Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 9 айдын жыйынтыгын чыгаруучу коллегиялык жыйыны башталды. Ага облустагы 7 райондук акимдери, мекме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылар, укук коргоо органдары катышты.
Жыйындын башында Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев баяндама менен чыгып, райондордун социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн, аткарылган, аткарылып жаткан жана жакында аткарыла турган иштер боюнча кенен маалымат берди.
Жантаев шайлоо боюнча да токтолуп, мамлекеттик кызматкерлерди шайлоо өнөктүгү учурунда өздөрүнүн ыйгарым укуктарынан аша чаппашы керектигин эскертти.
"ЖКнын мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоону уюшкандыкта өткөрүү керек. Анан мамлекеттик кызматкерлер, шайлоо өнөктүгү учурунда өзүңөрдүн гана милдетиңерди аткаргыла, башка нерселерди кылбагыла!",-деди ал.
Президенттин өкүлү азык-түлүк коопсуздугу боюнча маселелерге токтолуп, социалдык маанилүү товарлардын запастарын аныктоо тапшырды.
"Урматтуу акимдер, айыл өкмөт башчылары, маанилүү товарлардын запастарын аныктап, эмне керек, эмне өндүрүү керектигин аныктагыла", - деди ал.
Жантаев облус боюнча бардык райондордо 544 милдетти аткаруу тапшырмасы берилген болсо, 335 милдет аткарылганын, жылдын аягына чейин 209 милдет аткарылышы керектигин айтты.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




