Президент Энергетика министрин электр энергиясы үчүн киргизилген "Чексиз тариф" үчүн сынга алды
Президент Садыр Жапаров «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ААК элге «Чексиз тарифке» (безлимитный тариф) өтүүнү сунуштаганы үчүн Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин аракеттерине кескин баа берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов билдирди.
Мамлекет башчысы электр энергиясынын тартыштыгы өкүм сүрүп турган шартта мындай демилгелерге жол берилбеши керектигин белгилеп, алар коомдо социалдык бөлүнүүгө алып келиши мүмкүн экенин айтты.
Президент аталган тарифти дароо токтотууну жана кышкы мезгилде жарандардын электр энергиясына болгон укугун адилеттүү, тең салмактуу түрдө камсыз кылуу үчүн бардык чараларды көрүүнү тапшырды.
Маселенин тарыхы:
Буга чейин «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ААКнын электр энергиясын сатууну уюштуруу башкармалыгынын башчысы Исабек Орозбаев керектөөчүлөр кааласа, электр энергиясына «чексиз тарифке» өтө алаарын билдирген.
Анын айтымында, эгер жарандарга учурдагы кубаттуулук жетишсиз болуп жатса, алар тармактык компаниянын аймактык бөлүмдөрүнө кайрылып, чектөөсүз тарифке өтө алышат.
«Эгер сизге кубат жетишпей жатса, анда “чексиз тарифке” өтүүгө болот. Бул үчүн биздин тармактык уюмга кайрылсаңыз, бир-эки күндүн ичинде сизди бул тарифке кошуп, кубат лимитин көбөйтүүгө даярбыз», — деген Орозбаев.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




