100 000 айып пул же 5 жылдык абак жазасы. Мугалимдерге, дарыгерлерге жана башкаларга кол салгандарга жоопкерчилик каралууда

Президент Садыр Жапаров Жазык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду.

Бул мыйзамды Жогорку Кеңеш 2025-жылдын 25-сентябрында кабыл алган.

Президенттин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, мыйзамдын максаты — кызматтык же кесиптик ишмердүүлүк жүргүзгөн, ошондой эле коомдук милдеттерди аткарган адамдарды, өзгөчө медицина кызматкерлерин, мугалимдерди жана башка адистерди мыйзамсыз зомбулуктан коргоо үчүн укуктук негизди бекемдөө, башкача айтканда, жазык мыйзамдарын өркүндөтүү аркылуу алардын коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат.

Кабыл алынган мыйзам менен Жазык кодексинин 136 жана 280-беренелерине өзгөртүүлөр киргизилди. Бул өзгөртүүлөрдүн максаты — кызматтык же кесиптик ишмердүүлүк жүргүзгөн же коомдук милдетин аткарган адамдарга карата зомбулук колдонгон жарандарга карата жаза чарасын катуулатуу.

Тактап айтканда, мыйзамда жеңил жаракат келтирүү, анын натыйжасында жабырлануучунун ден соолугу убактылуу бузулса же эмгекке жөндөмдүүлүгүн аз өлчөмдө жоготсо, эгерде бул аракет жабырлануучунун кызматтык же кесиптик ишмердүүлүгүнө же коомдук милдетин аткаруусуна байланыштуу жасалса, анда ал Жазык кодексинин 136-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык жоопко тартылат.

Бул берененин санкциясы — 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейинки (50 миңден 100 миң сомго чейин) айып пул төлөө түрүндөгү жаза каралган.

Ушундай эле өзгөртүүлөр 280-беренеге да киргизилди. Ал — кызматтык же кесиптик ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан же коомдук милдет аткарып жаткан адамга карата хулигандык аракеттерди жасоо үчүн жоопкерчиликти карайт.

Бул беренеге ылайык, жаза катары 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейинки айып пул же 3 жылдан 5 жылга чейинки эркинен ажыратуу жазасы белгиленген.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз