Жеңишбек Жоробеков Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын башчысы кызматынан бошотулду
Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Женишбек Жоробеков кызматтан бошотулду.
Бул чечим министрликтин коллегиясынын 2025-жылдын тогуз айындагы иш жыйынтыгын талкуулаган жыйынында кабыл алынган.
ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, анын кызматтан бошотулушуна жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча чаралардын талаптагыдай аткарылбаганы жана анын натыйжасында республикадагы бардык аймактарда жол кырсыктарынын көбөйүшү себеп болгон.
Женишбек Жоробеков бул кызматка 2024-жылдын март айында дайындалган эле.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




