«Кыргыз почтасынын» кассири Кайгуул кызматынын имаратынын ичинде эротикалык сахнасы бар фильмди көрүп жаткан
Социалдык тармактардын кыргыз сегментинде видео тарады. Анда, божомолдорго караганда, борбордогу Милициянын кайгуул башкармалыгынын имаратындагы кассада иш учурунда эротикалык көрүнүш камтылган фильм көрсөтүлүп жаткандай көрүнөт.
Жол кыймылынын коопсуздугунун башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, кадрларда тартылган адам патрулдук милиция кызматкери эмес.
Башкармалыктын маалыматына ылайык, видеодо тартылган киши — «Кыргыз почтасынын» кассири болуп, ал Кайгуул кызматтын имаратынын экинчи кабатындагы касса бөлүмүндө иштейт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




