Кыргызстанда 7-ноябрь иш күнү болот
Кыргызстанда 7-ноябрь (жума күнү) иш күнү болот, деп билдирди Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы.
7-8-ноябрь – тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү болгон мамлекеттик майрамдар болуп саналат.
Ошентип, 7-ноябрь бир саатка кыскартылган иш күнү болот.
8-ноябрь алты күндүк иш графиги менен иштегендер үчүн кыскартылган иш күнү болуп эсептелет.
Эски Эмгек кодексине ылайык, 7-8-ноябрь эс алуу күндөрү катары белгиленген болчу.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



