Чолпон-Атанын тургуну УКМКнын кызматкерине 29 миң доллар пара берип жаткан жеринен кармалды
Чолпон-Ата шаарынын тургуну УКМК кызматкерлерине өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын январь айында КР УКМК кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында расмий киреше булактары жок туруп, кылмыш жолу менен кымбат баалуу мүлктөрдү мыйзамдаштырып алган жаран К.К.га карата тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
«Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө К.К. текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча оң процессуалдык чечим кабыл алгандыгы үчүн УКМК кызматкерлерине өзгөчө ири өлчөмдө пара сунуш кылган. 2025-жылдын 25-февралында козголгон кылмыш ишинин алкагында К.К. аттуу жаран КР УКМК кызматкерлерине 29 000 АКШ доллары өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен кармалды»,- деп айтылат маалыматта.
Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.