Депутаттыкка талапкер болгон 507 адам 300 миң сомдук шайлоо акысын төлөштү

Борбордук шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиянын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев 10-ноябрда «Биринчи радио» эфиринде билдиргендей, Жогорку Кеңешке депутаттыкка 507 талапкер шайлоо күрөөсүн төккөн.

Шайлоо күрөөсүнүн өлчөмү — 300 миң сом. Айрым жарандар үчүн жеңилдиктер каралган. Мамлекеттик бюджетке жалпысынан 147 миллион сомго жакын каражат түшкөн. Шайлоо күрөөсү кайтарылбайт.

Жалпысынан БШК шайлоого катышуу ниети тууралуу билдирме берген 589 жарандын ичинен 467 талапкерди каттады. Кээ бир жарандар өз ыктыяры менен катышуудан баш тарткан, ал эми 122 кишини каттоодон БШК баш тарткан.

Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурдагы шайлоосу 30-ноябрга дайындалган. Өлкө 30 көп мандаттуу шайлоо округуна бөлүнгөн, ар бир округдан 3 депутаттан шайланат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз