Жеңишбек Токторбаевдин жардамчысы Ош мэриясынын соцблогун жетектеди

Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы болуп мэриянын кадрлар резервинин курамынан Ханбийке Асанова дайындалды. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

Мааылматка караганда, тиешелүү буйрукка мэр Жеңишбек Токторбаев кол койду

Асанова 30-октябрда социалдык иштер боюнча вице-мэр болуп дайындалган Нурлан Закировдун ордуна дайындалды.

Ал буга чейин Жеңишбек Токторбаевдин жардамчысы болуп иштеген.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз