Ошто Германиянын Ош жана Баткен облустары боюнча ардактуу консулу тааныштырылды

 
Германия Федеративдүү Республикасынын Ош жана Баткен облустары боюнча ардактуу консулу Медер Төрөевдин инаугурациясы Ош шаарында өттү, деп жазат "Турмуш" басылмасы.
 
Инаугурацияга  Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу, Ош шаарынын мэриясынан,  Президенттин Оштогу, Баткендеги  өкүлчүлүгүнөн,  элчиликтерден  өкүлдөр катышты.
 
Германиянын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Константин Селенти  кантип Медер мырза тандалганын айтып берди.
 
"Биздин элчи айым Ооруп калгандыгына байланыштуу, мен келип калдым. Элчи айым өзүнүн куттуктоосун айтып жөнөттү.
 
Кыргызстан  эгемендүүлүгүн алгандан бери Германия өлкөсү бирге иш алып барып келүүдө.
 
30 жылдан бери кызматташтыкты  кеңейтүүгө аракет кылып келип жатабыз. Ардактуу консул деген эмне. Эмнеге Медерди тандадык. Токтолуп өтөюн. 
 
Негизи Германия элчилиги Бишкекте жайгашкан. Эки тараптуу мамилелерди сактап калуу, өнүктүрүүгө  аракет кылып жатабыз. Бишкекте маданият, экономика жаатында   аракет кылып жатабыз. Кээ бир өлкөлөр чоң. Бир эле борбордон иштөө кыйын болуп калууда. Ошондой жагдайда ардактуу консул керек болуп жатат.  Ош менен Баткен Кыргызстандагы экинчи ири шаар. Ош шаары абдан маанилүү шаар деп эсептелет. Акыркы жылдары биздин мамилелерди кеңейтүүгө аракет кылып жатабыз. Өткөн жылдары маданий иш чараларды уюштурдук. Мындан ары болгон консулдук маселелерге ушул киши жооп берет. Медер мырзы кыргыз жана немис жараны. Германияда 20 жыл жашап, ошол жактык болуп калды. Медер мырза эки тилди тең билет. Маданиятын билет. Ошол себептүү эң ыңгайлуу талапкер болду",- деди Константин Селенти.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз