Манаста кыз-жигиттин өбүшүүсүнөн кийин, жигит ооруканага түштү
Манас шаарында 26 жаштагы жигит ооз жана тилинин бир бөлүгү үргүлүп, Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасына түшкөн, деп жазат «Турмуш» басылмасы.
Алдын ал ала маалыматка караганда, жигит менен 18 жаштагы кыз өбүшүп жаткан учурда кыз кокусунан жигиттин тилинин учун тиштеп алган.
Жалал-Абад облустук клиникалык оорукананын бет-жак хирургия бөлүмүнүн башчысы Алмаз Абдылдаевдин айтымында, бейтап 8-ноябрь күнү саат 02:50дө ооруканга түшкөн.
«Ооз жана тил канап жаткан. Ошол замат биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү. Кан турган тилдин астынкы бөлүгү тигилди. Бейтаптын абалы туруктуу. Сүйлөп, тамак ичип жатат. Тилди болжол менен 30 пайызы, алдыңкы илеби 40 пайызга чейин жабыркаган. Мындай жаракат тиштеген учурда же башка кырдаалда болушу мүмкүн. Ал эми кантип жаракат алгандыгы боюнча тиешелүү органдар тактайт», — деди дарыгер.
Жигит ооруканага өз алдынча келген. Тилинде көгөрүү же башка издер байкалган эмес. Анын тили кыз менен өбүшүп жаткан учурда кокусунан тиштелип кеткени айтылууда.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




