Шон О’Мэлли Шевченконун Жанг менен болгон беттешинде өз титулун коргой албайт деп эсептейт
UFCнын мурдагы жеңил салмактагы чемпиону Шон О’Мэлли UFC 322 турниридеги башкы беттештер боюнча өз божомолун бөлүштү.
Турнир 16-ноябрда Нью-Йорк шаарындагы «Мэдисон Сквер Гарден» аренасында өтөт.
Башкы беттеште Валентина Шевченко Кытайдан чыккан Вейли Жанг менен беттешип, чемпиондук наамын коргойт.
«Валентина Шевченко – Вейли Жанг. Вейли жогору салмактагы дивизионго көтөрүлүп жатат жана менимче, ал жеңет. Ага каршы ставка коюу кыйын», – деди америкалык спортчу өзүнүн подкастында.
Ошондой эле О’Мэллинин айтымында, Ислам Махачев Жек Делла Маддаленадан чемпиондук курун тартып алышы мүмкүн.
«Ислам жеңил салмактан жарым орто салмакка көтөрүлүп, эки дивизиондун чемпионы болууну көздөп жатат. Бирок менимче, Жек андан бир топ чоң болбойт. Экөөнүн бою дээрлик бирдей, ошондуктан өлчөм айырмасы бул беттеште чоң роль ойнобойт. Бул сонун беттеш болот, менин оюмча, бирок мен Исламдын жеңишин тандайм», – деп кошумчалады америкалык мушкер.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




