Ташиев: Кыргызстанда уруулар курултайын өткөрүүнү токтоткула
Кыргызстандын жарандары урууларга бөлүнүүнү жана ар кандай курултайларды өткөрүүнү токтотушу керек, — деп билдирди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, деп жазат "АКИпресс" басылмасы.
Анын айтымында, мындай көрүнүш туура эмес жана бул аракеттерди токтотуу зарыл.
«Ооба, биз ата-тегибизди, уруубузду, туугандарыбызды билишибиз керек. Бирок ошол эле учурда муну мамлекеттик деңгээлге чыгарып, саясатка айландырууга болбойт. Мындан ары курултай өткөрбөгүлө — бул туура эмес. Өз ара тууган болгула, балдарыңарга айтып жүргүлө, бирок муну мамлекет деңгээлине көтөрүп, башка мамлекет түзүп жаткандай кылбагыла. Биз буга жол бербейбиз жана муну туура эмес деп эсептейбиз», — деди ал.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




