OCTAGON: Фарида Абдуева бразилиялык атаандашын утуп, чемпиондук титулун коргоду

Кыргызстандык спортчу Фарида Абдуева (6-1) OCTAGON лигасындагы чемпиондук наамын биринчи жолу ийгиликтүү коргоду.

8-ноябрда 21 жаштагы кыргызстандык мушкер Алматы шаарында (Казакстан) өткөн OCTAGON 81 турниринде күч сынашты. Анын атаандашы Бразилиядан келген Силвания Монтейра (11-4) болду. Мелдеште Абдуевага таандык болгон аялдар арасындагы эң жеңил салмактагы чемпиондук куру коргоо маселеси турган.

Фарида Абдуева биринчи раунддун акыркы секундантында техникалык нокаут аркылуу жеңишке жетишип, өзүнүн чемпиондук наамын сактап калды.

Ал бул титулду 19-апрелде, OCTAGON 71 турниринде казакстандык Аян Турсындан утуп алган болчу.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз