Дмитрий Бивол дүйнөнүн абсолюттук чемпиону наамынан ажырады
Кыргызстандык мушкер Дмитрий Бивол жарым оор салмактагы бокс боюнча абсолюттук дүйнө чемпиону деген наамынан ажырады. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк бокс кеңешинин (WBC) башчысы Маурисио Сулейман өзүнүн социалдык тармагында билдирди.
«Мен жаңы эле Дмитрий Биволдун адвокатынан суук жана расмий мүнөздөгү кат алдым. Ал катта ушунчалык күлкүлүү жүйөлөр келтирилгендиктен, аларды талкуулоону да каалабайм. Катта Бивол WBC уюмуна жарым оор салмактагы дүйнө чемпиону наамынан баш тартканын билдирет. Биз Биволго ийгилик каалайбыз жана бул менен Давид Бенавидес жарым оор салмактагы жаңы WBC чемпиону болуп калганын тастыктайбыз», — деп жазды Сулейман.
23-февралга караган түнү Бивол Артур Бетербиев менен реванш беттеште калыстардын бөлүнгөн чечими менен жеңишке жетип, анын WBC, IBF, WBO жана WBA уюмдары боюнча чемпиондук курун тартып алган.
2024-жылдын октябрында өткөн алгачкы беттеште Бетербиев калыстардын бөлүнгөн чечими менен жеңишке жеткен болчу.
WBC уюму Биволго америкалык мушкер Давид Бенавидес менен милдеттүү беттеш өткөрүүнү дайындаган. Бирок Бивол үчүн артыкчылык — Бетербиев менен үчүнчү беттеш болгон. 28-февралда Биволдун өкүлү бул беттешти 2025-жылдын аягына чейин Сауд Аравиясынын Эр-Рияд шаарында өткөрүү пландалып жатканын билдирген.
Бивол 25 беттештин 24үн утуп, бир гана жеңилүү 2024-жылдын октябрында Бетербиевден болгон.
Ал эми Бенавидес февраль айында кубалык мушкер Давид Моррелди жеңип, WBC куру үчүн милдеттүү талапкер болгон. 28 жаштагы жеңилбеген америкалык мушкер жалпы 30 беттеш өткөрүп, алардын ичинен 24үндө атаандашын нокаут менен уткан.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.