Руслан Касымалы уулу Казакстанда чемпиондук титулун коргоду
Кыргызстандык Руслан Касымалы уулу (11-0) OCTAGON лигасындагы чемпиондук наамын ийгиликтүү коргоду.
29-октябрда Казакстандын Астана шаарында өткөн OCTAGON 80 турниринин алкагында 61 кг чейин салмактагы жеңил дивизион боюнча чемпиондук үчүн беттеш болду. Учурдагы чемпион Касымалы уулу өз титулун экинчи ирет коргоп, Казакстандын өкүлү Нуржигит Баймен (8-0-1-2) менен таймашты.
Беттеш 5 раунддун ар бири 5 мүнөттөн болуп өттү. Жыйынтыгында калыстар бир добуштан жеңишти кыргызстандык спортчуга беришти.
Баймен үчүн бул карьерасындагы алгачкы жеңилүү болду.
Касымалы уулу чемпиондук курун 2024-жылдын 27-сентябрында Азербайжандын өкүлүн нокаут менен утуп алуу менен алган. Ал эми 2025-жылдын 18-январында биринчи жолу курун коргоп, Орусиялык Баир Штепинди калыстардын бир добуштуу чечими менен жеңген.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




