Уран Сатыбалдиевдин UFC менен түзгөн келишими белгилүү болду

«Улуу Кыргыз» клубунун машыктыруучусу Тынчтыкбек Өмүрзаков АКИpress агенттигине берген маегинде анын спортчусу Уран Сатыбалдиевдин UFC менен түзгөн келишими тууралуу кенен айтып берди.
 
Кыргызстандык спортчу 6-апрелде өткөн UFC on ESPN: Emmett vs. Murphy турниринде дебют жасады. Анын атаандашы словакиялык Мартин Будай болду, ал Урандан 20 кг оорураак болчу. Бул беттеште кыргызстандык мушкер жеңилип калды.
 
«Турнирге эки күн калганда UFC бизге сунуш киргизди: Нигериялык мушкер жаракат алып калгандыктан, анын ордуна чыгып, оор салмактагы (120 кг чейин) беттеш өткөрүү керек болду. Мен бул сунуштун каршы болдум, анткени бул Урандын табигый салмак категориясы эмес. Биз буга чейин эле Dana White's Contender Series турнирине катышуу үчүн контрактка кол коюп койгонбуз», — деди Тынчтыкбек Өмүрзаков.
 
Анын айтымында, ал өзүнүн спортчусунун өзүнө ылайык эмес салмак категориясында чыгып, ден соолугун тобокелге салуусун каалаган эмес.
 
«Контракттын шарттарын кайра карап чыгып, Уран жарым оор салмакта (93 кг чейин) беттешүүсүн суранып кайрылдым. UFC бизди угуп, Дана Уайт контракт жиберди. Анда Уран жалпы 5 беттеш өткөрөт деп жазылган, бирок биринчи беттеш кандай болгон күндө да оор салмакта болушу керектиги көрсөтүлгөн. Биз макул болуп, контрактка кол койдук», — деп кошумчалады Өмүрзаков.
 
Ошондой эле машыктыруучу UFC уюмунун кандай шарттарды сунуш кылганын айтып берди.
 
«Уюм толук кандуу медициналык кызматтарды, жашай турган жайды камсыздайт. Кийинки учурларда Уранга салмак түшүрүүдө да жардам берилет. Ал эми спорттук жабдууларды камсыздаган компания аркылуу спонсордук төлөмдөр болот», — деди ал.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз