Ош шаарында эттин баасын көзөмөлдөө боюнча рейд жүрүүдө

Ош шаарынын аймагында эттин баасынын туруктуулугун сактоо боюнча рейддик иш-чаралар өтүүдө. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, текшерүүгө мэрдин биринчи орун басары Адилет Шаршеналы уулу жана тиешелүү кызматтардын жетекчилери катышты. 

«Рейддин жүрүшүндө базарларда жана соода жайларында эттин баасы, сапаты жана сатуучулар тарабынан белгиленген эрежелердин сакталышы каралды», - деп айтылат маалыматта.

Рейддин негизги максаты - шаар тургундары үчүн эттин баасын туруктуу деңгээлде кармоо жана негизсиз баанын көтөрүлүүсүнүн алдын алуу болуп саналат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз