"Менин бардык ийгиликтеримдин артында ал турат". Валентина Шевченко UFC уюмунун чемпиондук куру кимге таандык экенин ачыктады

Валентина Шевченко UFCдеги чемпиондук наамын тогузунчу ирет коргоп калды.

16-ноябрда АКШда өткөн беттеште кыргызстандык мушкер Кытайдан келген Вейли Жанг менен кармашып, беш раунддун жыйынтыгында калыстардын бир добуштан чыгарган чечими менен жеңишке жетти.

Беттеш бүткөндөн кийин ал Жо Роганга интервью берип, бул жеңишти кимге арнай турганын айтты.

«Мен өзүмдүн командама — устатым Павел Федотовго жана ушул оор машыгуу лагеринде жан аябаган бардык адамдарга чоң ыраазычылык айткым келет. Бул курду устатыма тапшырагым келет. Менин бардык ийгиликтерим анын эмгеги. Бул кур — менин устатыма таандык. 32 жылдан бери анын жетекчилиги алдында машыгам. Ал мыкты машыктыруучу жана керемет адам», — деди Шевченко.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз