Ош мэриясынын мурдагы аппарат башчысы жаңы кызматка барды
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары болуп Досматов Камчыбек Султанмуратович дайындалды.
Министрликтин маалымат кызматы билдиргендей, жаңы орун ьасарды министр Канат Сагынбаев эмгек жамаатына тааныштырды.
Анын дайындалышы тууралуу буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.
Буга чейин эмгек министринин биринчи орун басары кызматын Ализа Солтонбекова ээлеп келген.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



