Кыргызтандын футбол боюнча чемпионатына катышкан клубдардын саны 16га жетип, чемпионат "Жогорку Лига" деп аталмай болду
Бүгүн, 17-ноябрь күнү Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев Кыргыз Республикасынын Премьер-Лигасына катышкан клубдардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынга КФБ, Кыргыз Профессионалдык футбол лигасынын жетекчилиги жана өлкөнүн башкы чемпионатында ойноочу клубдардын өкүлдөрү катышты.
КФБ маалыматына караганда, келээрки футбол сезонуна карата Премьер-Лиганын курамы толукталып, катышуучу клубдардын саны 16га жетти. Буга чейин Жогорку Лигага (мурунку Премьер-Лига) Улуттук Лигадан (мурунку Биринчи Лига) түз жолдомо алган «Токтогул» клубунан тышкары, Талас шаарынан жаңы түзүлгөн «Азия» клубу да расмий кошулду. Таластын «Азия» командасын түзүү демилгесин Өмүрбек Бабанов колдогону КФБ тарабынан белгиленди.
Жыйында КПФЛдин 2025-жылдагы сезон боюнча отчети жана КФБнын футбол инфратүзүмүн өнүктүрүү боюнча баяндамасы угулду. Ошондой эле КПФЛ 2026-жылкы спорттук мезгилге карата пландарын сунуштады.
Маалыматка ылайык, чемпионаттардын аталыштары да кайрадан өзгөртүлдү: Премьер-Лига мындан ары «Жогорку Лига», ал эми Улуттук Лига – «Биринчи Лига» деп аталмай болду.
Эреже боюнча жаңы сезондон тарта Биринчи Лиганын жеңүүчүсү Жогорку Лигага түз жолдомо алат. Ал эми Жогорку Лигадагы акыркы — 16-орунда калган команда Биринчи Лигага түшүрүлөт. Бул жаңыланган тартип да клуб жетекчилерине жыйында маалымдалды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



