Өзгөндө реконструкциядан өткөн стадион пайдаланууга берилди

23-августта Ош облусунун Өзгөн шаарында толук реконструкцияланган Ормонов Зулпукар атындагы борбордук спорт комплекси ачылды. 

Салтанатка Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары жана жергиликтүү тургундар катышты.
 
Стадион алгач 1968-жылы курулуп, 1998-жылы муниципалдык менчикке өткөрүлгөн. Эскирип калгандыктан, кайрадан толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Долбоор Дүйнөлүк банктын колдоосу менен АРИС аркылуу каржыланып жалпы баасы 141 млн сомду түзүп, кошумча 53,5 млн сомду Кыргыз футбол биримдиги бөлүп берген.
 
Жаңыланган спорт комплекси эл аралык талаптарга ылайык курулуп, анда футбол талаасы, чуркоо жана волейбол аянтчалары, администрациялык имарат, медициналык пункт, ажаткана жана жуунуучу жайлар бар. Ошондой эле стадион толугу менен жарыктандырылып, жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү.
 
Бул стадион жаштарга спорт менен машыгууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүп, футболду өнүктүрүүгө өбөлгө болот. Ошондой эле Өзгөнгө келген туристтер үчүн дагы жагымдуу шарт түзөт.
 
Расмий бөлүктөн кийин жергиликтүү «Өзгөн» клубу менен «Ош МУ» клубу Кыргыз премьер-лигасынын алкагында ойношуп,  жогорку окуу жайдын клубунун жеңиши менен аяктады. Оюндагы жалгыз голду «Ош МУнун» жарым коргоочусу Бакытбек Мирзалим уулу киргизди.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз