КПЛ: 10 турдан кийин "Алай" клубу турнирдик жадыбалдын сап башына чыкты

Ош шаарынын "Алай" клубу Кыргыз премьер-лигасынын 10-турунда Жалал-Абад шаарынын "Мурас Юнайтед" клубун жеңип, турнирдик жадыбалдын сап башына чыкты.

Оюндун 25-мүнөтүндө чыгарылган топту баш менен сүзүп, голго айландырган "Алайдын" борбордук коргоочусу Акрам Умаров күйөрмандарды сүйүндүрдү. 45+5 мүнөттө сол капталдан чыгарылган топту "Мурас Юнайтеддин" чабуулчусу Атай Жумашов башы менен дарбаза киргизип, эсепти теңеди.

Оюндун экинчи бөлүгүндө тараптар кооптуу жагдайларды маал-маалы менен жаатып турушту. Оюндун 84-мүнөтүндө "Алайдын" оюнчусу Кайрат Изаков экепти эки эселентти. Натыйжада оюн 2-1 эсеби менен аяктап, "Алай" клубу кезектеги 3 упайына ээ болуп, турнирдик жадыбалдын сап башына жайгашты.

Буга чейин "МЮ" клубу 25 упайы менен 1-орунда, "Алай" 24 упай менен экинчи орунда бара жаткан. Бул беттештин жыйынтыгы менен Оштун клубу 27 упай менен биринчи орунга жайгашты.

Азыркы учурдагы турнирдик жадыбал:

 

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз