Валентина Шевченконун Вейли Жанг менен болгон беттешинен кийин канча гонорар алары белгилүү болду
Валентина Шевченко UFCдеги чемпиондук наамын тогузунчу жолу коргоп калды.
16-ноябрда АКШда өткөн беттеште кыргызстандык спортчу Кытайдын өкүлү Вейли Жанг менен айқашып, беш раунддун жыйынтыгында калыстардын бир добуштан берген чечими менен жеңишке жетти.
Sporty Salaries порталы бул турнирдин катышуучуларына төлөнө турган болжолдуу гонорарларды жарыялады.
Маалыматка караганда, кыргызстандык мушкер 1 млн 392 миң доллар алат. Анын атаандашы — Кытайдын өкүлү Вейли Жанг — 832 миң доллар алат.
Эң көп төлөмдү жарым орто салмактагы жаңы чемпион Ислам Махачев (Орусия) алат — 3 млн 332 миң доллар.
Ал эми бул дивизиондун мурдагы чемпиону Жек Маддалена 1 млн 992 миң доллар гонорар алат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



