Эртең тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал
Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоолуу аймактарында кар түшөт. Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймагында жана өлкөнүн калган аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күн ичинде Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаашы мүмкүн. Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, ал эми дыйканчылык зонасында жана башка аймактарда жаан-чачын болбойт. Шамал батыштан, ылдамдыгы 4–9 м/с.
Аба ырайынын температурасы:
Чүй облусу
— түнкүсүн +2...+7°
— күндүз +14...+19°
Талас облусу
— түнкүсүн 0...+5°
— күндүз +13...+18°
Баткен облусу
— түнкүсүн +2...+7°
— күндүз +15...+20°
Ош, Жалал-Абад облустары
— түнкүсүн +2...+7°
— күндүз +15...+20°
Ысык-Көл облусу
— түнкүсүн -2...+3°
— күндүз +6...+11°
Нарын облусу
— түнкүсүн -4...-9°
— күндүз +4...+9°
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Шамал батыштан, 4–9 м/с.
— түнкүсүн +4...+6°
— күндүз +17...+19°
Чолпон-Ата шаарында да жаан-чачын күтүлбөйт. Шамал батыштан, 4–9 м/с.
— түнкүсүн 0...+2°
— күндүз +9...+11°.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



