Москвага концерттик тур менен барган ырчы Бакр аэропортто кармалып, Бишкекке кайра жөнөтүлгөн
Орусияга концерттик тур менен учуп барган кыргызстандык ырчы Bakr’ды 17-ноябрдын таңында Москвадагы «Шереметьево» аэропортунда кармашты. Бул тууралуу ырчы өзү социалдык тармактагы баракчаларында билдирди.
«Паспорттук көзөмөлдөн менин бүт командабызды өткөрүштү, мени гана токтотуп, документтеримди түшүндүрмөсүз алып кетишти да, үч саат күттүрүштү. Андан кийин мага РФ аймагына кирүүгө тыюу салынганын айтышты. Эмне себеп экени түшүндүрүлбөй, мени күтүү бөлмөсүнө киргизишти. Акыры Бишкекке кайтуу үчүн билет сатып алууга туура келди. Ал жерде саат ондон кечки тогузга чейин отурдум», — деп жазды ал.
Анын айтымында, Бишкекке келгенде ага Россияга кирүү укугунан баш тартуу тууралуу, «РФга кирүүгө уруксат жок» деген негиз менен токтом беришкен.
Bakr белгилегендей, учурда алар юристтер менен кеңешип, доо арыз даярдап жатышат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



