Бишкекте элиталык сойкулардан турган жеке WhatsApp тобу аныкталып, милиция бир нече кызды кармады
20-ноябрда Бишкек шаарынын ИИББинин басма сөз кызматы билдиргендей, сойкулукка жана бузукулукка көмөктөшүүгө шектелген аял кармалды.
Шаардык милициянын Криминалдык милиция башкармалыгына WhatsApp’тагы жабык топ жөнүндө маалымат түшкөн. Ал топко кирген кыздар 300дөн 1000 долларга чейин интимдик кызмат көрсөтүшкөн. Алар Бишкектеги премиум-класстагы мейманканаларда иш алып барышкан.
Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси («Сойкулукту жана ыпластыкты интернет тармактары (вебкам-студиялар) аркылуу уюштуруу жана аларга көмөктөшүү») боюнча катталды.
Текшерүүдө белгилүү болгондой, «Резервная» деген топто 60тан ашуун катышуучу болгон. Топту бир нече кыз-менеджерлер башкарып, ал эми топтун түзүүчүсү алдын ала маалыматтарга караганда Кыргызстандан тышкары жерде жүргөн. Топко кошулуу алдын ала төлөм жана тааныштардын сунушу аркылуу жүргүзүлгөн. Купуялуулук үчүн код сөздөр жана жоголуп туруучу билдирүүлөр колдонулган.
Буюртма түшкөндө менеджерлер кардарларга кыздардын сүрөттөрүн жөнөтүп, макулдук алынгандан кийин аларды көрсөтүлгөн дарекке жөнөтүп турушкан. Милиция рейддерди жүргүзгөн учурда топ толугу менен өчүрүлүп, жаңы номерлер менен кайрадан түзүлүп турган.
Милиция кызматкерлери контролдук сатып алуу жүргүзүштү: бир саунага үч кызды чакырышкан. Алар акчаны алган замат дароо кармалышты. Кармалгандар:
А.А. (2003-ж.), К.Н. (2003-ж.), И.К. (1997-ж.) жана Ш.С. (2001-ж.)
24 жаштагы Ш.С.га расмий айып тагылып, бирок анын үй-бүлөлүк жагдайы эске алынып, үй камагына чыгарылды.
Учурда тергөө алкагында бул ишке тиешеси бар башка адамдар аныкталып жатат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




