«Унаа» мекемеси «Түндүк» аркылуу айдоочулук күбөлүктү кантип алмаштыруу боюнча маалымат берди

«Түндүк» тиркемесинде айдоочулук күбөлүктү онлайн алмаштыруу функциясы пайда болду. Бул тууралуу 24-ноябрда «Унаа» – Транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо мамлекеттик борборунун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, онлайн арыз тапшыруу үчүн алдын ала 083/У формасындагы медициналык маалымдаманы жүктөө милдеттүү. Ансыз арыз кабыл алынбайт. Жаңы айдоочулук күбөлүк 2–3 иш күнүнүн ичинде даярдалат. Жаңысын алганда эски күбөлүк сөзсүз түрдө өткөрүлүшү керек.

Инструкциялар:

«Кызматтар» бөлүмүнө кирип, «Автотранспорт жана айдоо» бөлүмүн тандаңыз;

«Айдоочулук күбөлүктү алмаштырууга арыз берүү» кызматын тандап, арызды жибериңиз;

Чагылдырылган жеке маалыматтарыңызды текшерип, «Андан ары» баскычын басыңыз;

Айдоочулук күбөлүктү бере турган уюмду тандап, кайрылуунун себебин көрсөтүңүз (алмаштыруу, жоготуу ж.б.);

Алынуу ыкмасын тандаңыз:

«Ооба» — курьер аркылуу жеткирүү (адрес жана почта индекси көрсөтүлөт);

«Жок» — даяр күбөлүктү жеке барып алуу;

Тиркеме аркылуу сүрөткө түшүңүз. Талаптар: камерага түз караган абал, бетте көлөкө болбоосу, сүрөт ачык жана так болушу, башкы кийимсиз (жолук/платок уруксат).

Төлөмдөр QR-код аркылуу жүргүзүлөт. Тиркеме автоматтык түрдө QR-код түзөт, аны каалаган төлөм тиркемеси менен скандап төлөөгө болот.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз