Эркин күрөш боюнча кыргыз курамасы Ислам оюндарында командалык эсепте 3-оруду алды

Сауд Арабиясында өткөн Ислам тилектештиги оюндарында кыргызстандык эркин күрөш боюнча курама команда 3-орунду ээледи.

Эркек спортчулар арасындагы эркин күрөш мелдештери 20–21-ноябрь күндөрү өтүп, Олимпиадалык алты салмак категориясы боюнча медалдар ойнотулду.

Кыргызстан курама командасы бардык салмактарда ат салышып, командалык эсепте 81 упай топтоп, 22 өлкөнүн ичинен 3-орунга жайгашты.

Мындан тышкары, грек-рим күрөшү боюнча курама команда да командалык эсепте 3-орунду алган, ал эми аялдар курама командасы 4-орунду ээледи.

 

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз