Кыргызстандын кыз-келиндер курамасы Ислам оюндарында 4-орунунга ээ болушту

Сауд Арабиясында өткөн Ислам тилектештиги оюндарында Кыргызстандын кыз-келиндерден куралган эркин күрөш боюнча улуттук командасы жалпы командалык эсепте 4-орунду ээледи.

Аялдар арасындагы мелдештер 19-20-ноябрда өтүп, олимпиадалык салмак категориялар боюнча 6 топтом медаль ойнотулду.

Кыргызстандын курамасында төрт спортчу катышып, жалпы үч медаль утуп алышты — экөө алтын, бири коло.

Командалык эсепте улуттук курама 77 упай топтоп, 16 команда арасында 4-орунга жайгашты.

 

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз