Алхам Абдирасулов күрөш боюнча дүйнө чемпиону болду
Кыргызстандык спортчу Алхам Абдирасулов Грецияда өтүп жаткан өспүрүмдөр арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу "Спорт АКИпресс" басылмасы жазды.
17 жашка чейинки спортчулар арасында өтүп жаткан турнир учурда Афина шаарында уланууда. 29-июлда грек-рим күрөшү боюнча алгачкы 5 комплект медаль ойнотулду.
Абдирасулов 55 кг салмак категориясында күч сынашып, төрт ирет жеңишке жетишип, финалга чыкты.
Чечүүчү беттеште кыргызстандык балбан Казакстандын спортчусуна каршы чыгып, 4:1 эсеби менен жеңип, дүйнө чемпиону болду.
23-июлда Абдирасулов Вьетнамда өткөн Азия чемпионатында да алтын медалга ээ болгон. Ал ошол турнирдин жарым финалында ушул эле казакстандык балбанды жеңген болчу.
55 кг салмак категориясы боюнча жыйынтыктар:
1/16 финал
Алхам Абдирасулов – Амирреза Тахмасбпурмарзуни (Иран) — 5:3
1/8 финал
Алхам Абдирасулов – Балинт Казинцки (Венгрия) — 9:0
1/4 финал
Алхам Абдирасулов – Зонгъяо Ву (Кытай) — 9:1
Жарым финал
Алхам Абдирасулов – Адитиа Гупта (Индия) — 6:5
Финал
Алхам Абдирасулов – Нурали Аскар (Казакстан) — 4:1
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.