Суучул Денис Петрашов өзүнүн рекордун жаңылады

Денис Петрашов Кыргызстан боюнча сууда сүзүү боюнча дагы бир рекорд койду, деп жазат "Спорт АКИпресс".

27-июлда ал Сингапурда өтүп жаткан суу спорту боюнча дүйнө чемпионатында 100 метр аралыкка брасс ыкмасы боюнча мелдешке катышып, финалга чыкты.

Ал алдын ала жарыштарда 59,53 секунда жыйынтык көрсөтсө, жарым финалда 59,20 секунд менен сүздү. Бул аралыкка мындай жыйынтык менен Кыргызстан боюнча жаңы рекорду.

Мурдагы рекорд (59,23) да Петрашовго таандык болчу жана ал 1-майда АКШда өткөн мелдеште коюлган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз