Кыргызстандын Жогорку лигасы: Максим Шацких «Азиянын» машыктыруучусу болду

Кыргызстандын футбол чемпионатындагы жаңы клуб – Таластын «Азия» клубу башкы машыктыруучуну дайындады. Бул кызматка өзбек жана украин футболунун легендасы Максим Шацких келди.

Шацких буга чейин Кыргызстан курамасынын дарбазачысы Эржан Токотаев ойной турган Өзбекстандын Суперлигасындагы «Андижан» клубунда иштеген.

«Азия» футбол клубу 2025-жылы түзүлүп, Кыргызстандын Жогорку лигасында ойноого укук алган.

Максим Шацких футболчу катары Киевдин «Динамо» командасы менен алты жолу Украинанын чемпиону болгон жана беш жолу Украинанын Кубогун жеңген.

Ал эми машыктыруучу катары 2022 жана 2023-жылдары «Пахтакор» командасын чемпиондукка жеткирген.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз