ФИФА Клубдук дүйнө чемпионаты үчүн рекорддук байге фондун жарыялады
ФИФАнын президенти Жанни Инфантино
ФИФА 2025-жылы өтө турган жаңы Клубдук дүйнө чемпионатынын байге фондун бөлүштүрүү моделин бекитти. Бул модель 32 клуб үчүн жалпы 1 миллиард долларлык байге фондун, ошондой эле маанилүү жана жаңычыл глобалдык тилектештик механизмин камтыйт. Бул тууралуу "Чемпионат" басылмасына шилтеме берип "Prosports.kz" басылмасы жазды.
Маалыматка караганда, 2025-жылкы Клубдук дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрү 125 миллион долларга чейин сыйлык алышат. Турнирдеги байге фондун бөлүштүрүү төмөнкүдөй болот: жалпы 1 миллиард доллардын ичинен 475 миллион доллар спорттук жетишкендиктер үчүн, ал эми 525 миллион доллар турнирге катышкан клубдар үчүн бөлүнөт.
Жалпы байге фонду — 1 миллиард доллар (32 командага бөлүнөт).
Катышуу үчүн төлөнчү акча — $525 млн:
- Европалык клубдар — $12,81 млндон $38,19 млнго чейин (рейтингге жараша);
- Түштүк Американын клубдары — $15,21 млн;
- Азия, Африка жана КОНКАКАФ клубдары — $9,55 млн;
- Океания клубдары — $3,58 млн;
Жыйынтыкка жараша бөлүнчү акча — $475 млн:
-Топтук этапта: жеңиш үчүн — $2 млн, тең чыгуу үчүн — $1 млн;
-1/8 финалга чыгуу — $7,5 млн;
-1/4 финалга чыгуу — $13,125 млн;
-Жарым финалга чыгуу — $21 млн;
-Финалга чыгуу — $30 млн;
-Чемпион болуу — $40 млн.
Натыйжада, жеңүүчү команда бир айда $150 млн табышы мүмкүн — бул Чемпиондор Лигасындагы тогуз айлык кирешеден да көп.
2025-жылдагы Клубдук дүйнө чемпионаты — 2025-жылдын жай айларында өтө турган футболдук турнир. Бул Клубдук дүйнө чемпионатынын 21- жолу болуп өткөрүлүшү жана жаңы форматтагы алгачкы турнир болуп эсептелет. Жаңы формат боюнча алты континенттик конфедерациядан 32 клуб катышат.
Кеңейтилген турнир башында 2021-жылдын 17-июнунан 4-июлуна чейин өтүшү керек болчу. Бирок, УЕФА Европа чемпионатын жана КОНМЕБОЛ Америка Кубогун 2020-жылдан 2021-жылга жылдыргандыгына байланыштуу, ФИФА бул мелдешти кийинчерээк өткөрүүнү чечкен.
Финалдык оюн 2025-жылдын 13-июлунда АКШнын Нью-Джерси штатындагы Ист-Резерфорд шаарындагы «МетЛайф» стадионунда өтөт.
Клубдук дүйнөлүк чемпионаттын катышуучу клубдары:
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.