Путин Жапаровго: Сиздин жетекчилигиңиз астында Кыргызстан Орусияга туруктуу, ишенимдүү өнөктөш

Орусиянын президенти Владимир Путин 25–27-ноябрь күндөрү Кыргызстанда мамлекеттик визит менен жүрөт.

26-ноябрда эки өлкөнүн делегациялары кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Жыйында алгач Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров сөз сүйлөдү.
 
Андан кийин Орусиянын президенти Владимир Путин сүйлөдү, деп жазат "АКИпресс" басылмасы.
 
Ал Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирип, мамлекеттик визит ЖККУнун Коллективдүү коопсуздук кеңешинин жыйынынын алдында өтүп жатканын белгиледи.
 
«Кыргызстандын ЖККУнун төрагалык кылуу мезгилинде аткарган чоң ишин жогору баалайбыз. Орусия сиздерден эстафетаны кабыл алып, 2026-жылы уюмга төрагалык кылат.
 
Орусия менен Кыргызстандын стратегиялык өнөктөштүгү жана союздаштык мамилелери өз ара урматтоо жана бири-биринин кызыкчылыктарын эске алуу негизинде ийгиликтүү өнүгүп жатат.
 
Биз сиз менен дайыма байланыштабыз, эки тараптуу кызматташуунун негизги маселелерин жеке көзөмөлдө кармап турабыз.
 
Жыл аягында дагы Жогорку Евразиялык кеңештин жыйынында жана КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин салттуу жыл аягындагы жолугушуусунда Орусияда кайра жүз көрүшөбүз. Сүйлөшүүлөрдүн күн тартиби абдан кең. Союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү боюнча Программалык Биргелешкен билдирүү кол коюуга даярдалууда. Анда орусия-кыргыз кызматташуусун ар тараптуу күчөтүү боюнча негизги милдеттер камтылган. Мындан тышкары, соода-экономикалык, билим берүү, миграция жана башка тармактар боюнча маанилүү өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык документтердин топтомуна да кол коюлат.
 
Орусия — Кыргызстандын башкы соода-экономикалык өнөктөшү. Өткөн жылы товар жүгүртүү 13,6% өсүп, рекорддук 4,1 млрд долларга жетти. Ал эми быйыл январь–сентябрь айларында дагы 17% көбөйдү. Төлөмдөрдүн 97% улуттук валюталарда жүргүзүлүүдө. Өз ара эсептешүүнүн жаңы формаларын да карап жатабыз. Сиз орусиялык инвестициялар тууралуу айттыңыз — чынында эле алар өсүүдө, азыркы учурда 2 млрд долларга жакын. Кыргызстанда орусиялык капиталдын катышуусунда 1,7 миң ишкана иштеп жатат. Орусиялык инвесторлордун Кыргызстанга болгон ишеними, ошондой эле капиталын кыргыз экономикасына салууга даярдыгы — бул сиздин аракеттериңизге жана өлкөдөгү оң ички саясий динамикага байланыштуу. Биз ыраазычылык менен белгилеп кетебиз: өлкөңүздүн ички саясий туруктуулугу жана ишенимдүүлүгү биздин эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык байланышты өнүктүрүү үчүн негизги шарт.
 
Өкмөттөр аралык комиссия да активдүү иш алып барууда. Анын борбордук багытында 2022–2026-жылдарга карата кызматташтыктын комплекстүү программасын ишке ашыруу турат. Орусиянын алдыңкы мунай-газ компаниялары Кыргызстанды жаратылыш газы жана мунайзаттары менен камсыз кылууда. Тынчтык максатындагы атомдук энергетика, күн жана шамал электр станцияларын куруу, санариптик экономика боюнча кызматташууну кеңейтүүдө чоң потенциал көрөбүз. Транспорт-логистика тармагында да аймактар аралык кызматташуу маанилүү орунда турат — ага Россиянын 80ден ашык субъектиси жана Кыргызстандын 7 облусу катышууда. Эки өлкөнүн региондорунун конференциялары үзгүлтүксүз өтүп турат.
 
2024-жылдын октябрында Орусияда Кыргызстандын Маданият күндөрү ийгиликтүү өттү, быйыл күздө — Кыргызстанда Орусиянын Маданият күндөрү болду. Кыргызстандагы расмий статусу бар орус тилин колдоого мамлекеттин көңүл бурушун жогору баалайбыз. 2023-жылы Кыргызстанда орус тилинде окуткан 9 орто мектеп куруу боюнча чоң биргелешкен долбоорду баштадык. Биринчи үч мектеп 2027-жылдын 1-сентябрына чейин ачылат. «Чет өлкөдөгү орусиялык мугалим» программасынын алкагында Кыргызстандагы 42 мектепте 157 орус мугалими иштеп жатат.
 
Коопсуздук чөйрөсүндөгү кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурабыз. Кыргызстанда жайгашкан бирдиктүү орусиялык аскердик база аймактагы туруктуулукту камсыз кылууда маанилүү фактор болуп саналат. ЕАЭБ, ЖККУ, КМШ жана БУУ алкагында да биз макулдашылган позициядан чыгып келебиз.
 
Сентябрь айында башталган Кыргызстанын ШКУдагы төрагалыгы маалында да тыгыз кызматташууну улантууга даярбыз. Жалпылап айтканда, бүгүн көп кырдуу эки тараптуу күн тартибин кенен талкуулап, мындан аркы кызматташтыкты дагы тереңдетүү боюнча багыттарды аныктайбыз», — деди Орусиянын лидери.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз