БШК Гульназ Халилованын кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди

Борбордук шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча комиссия (БШК) 27-ноябрда Жогорку Кенешке депутаттыкка талапкер Гүлназ Халилованы кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди.

Халилова буга чейин Бишкек шаардык кеңешинин 28- жана 29-чакырылыштарында «Ынтымак» фракциясынан депутат болгон. Ал Жогорку Кенешке №24 шайлоо округу (Свердлов райондук округу) боюнча ат салышкан.

БШКнын жыйынында Свердлов райондук ИИБнин тергөөчүсү талапкер добуш сатып алуу схемасын уюштурууга катышы бар экенин далилдеген материалдар топтолгонун билдирди. Талапкердин бир тарапкери кылмыш жоопкерчилигине тартылып, ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынган. Ошондой эле дагы эки агитатор жоопко тартылган. Айыпталгандардын жанынан шайлоочулардын тизмелери жана 7 млн 159 миң сом каражат табылып, алынган.

Тергөөчү БШКдан талапкерди камакка алуу жана кылмыш иши боюнча жоопкерчиликке тартууга макулдук берүүнү суранды.

Комиссия мүчөлөрү добуш берип, милициянын өтүнүчүн колдошту.

Гүлназ Халилова №24 округ боюнча талапкер катары катталган.

№24 округдун чеги: Свердлов району. Шайлоочулардын саны: 134 326.

Бюллетендеги талапкерлердин ирет саны:

1 — Улукбек Карыбек уулу
2 — Жумабек Салымбеков
3 — Арафат Исмаилов
4 — Алтынай Кульмамбетова
5 — Гүлнара Акимбаева
6 — Майрамкүл Исаева
7 — Данияр Ибарймакунов
8 — Шарипа Молдалиева
9 — Мирлан Орозбаев
10 — Жибек Шарапова
11 — Эржан Кайыпов
12 — Кыял Токторбаева
13 — Казыбек Эргешов
14 — Гүлназ Халилова.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз