Ташиев Кытай жарандарынын абалына токтолду
Кабинет министрлеринин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 27-ноябрда Кемин районунда жаңы төрөт үйүнүн курулушуна капсула салуу аземинде жергиликтүү тургундар менен жолугуп, кытай жарандары боюнча кырдаалга комментарий берди.
Өз сөзүндө ал бүгүнкү күндө Кыргызстанда экономиканын динамикалуу өсүшү жана өнүгүүсү үчүн көп иштер аткарылып жатканын белгиледи.
«Союз учурунан бери өлкөбүздө курулуш, өндүрүш, кайра иштетүү, айыл чарба жана башка тармактар дээрлик каралбай, ал тургай кыйроо абалына келген», — деди Ташиев.
Ал Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолунун курулушу, МИК аркылуу көп кабаттуу үйлөрдүн салынуусу, “Азаттык Арена” стадиону, Түндүк айланып өтүү жолундагы көпүрөлөр (путепроводдор), Фучик көчөсүндөгү (мурунку Ош базарынын орду) көп функционалдуу соода комплекси жана башка бир катар объектилер тууралуу эскертти.
«Айрым күчтөр жана кээ бир жарандар социалдык тармактарда кытайлык жумушчулар өтө көбөйүп кетти же кытайлар аймактарды “ээлеп” жатат деген туура эмес маалыматтарды таратып жатат. Чынында мындай билдирүүлөрдүн басымдуу бөлүгү чындыкка туура келбейт. Анткени Кыргызстанга келген Кытай жарандарынын 10% гана — инвестиция салган ишкерлер жана туристтер. Калган 90% — кадимки курулуш жумушчулары», — деди УКМК башчысы.
Ал кошумчалагандай, кытай жарандары өлкөгө 2 айдан 1 жылга чейинки мөөнөткө берилген жумушчу визалары аркылуу убактылуу келип иштешет. «Баары тиешелүү органдар тарабынан тыкыр текшерилип, көзөмөлдөнөт. Ошондой эле мыйзам бузган бардык чет өлкөлүк жарандарга, анын ичинде Кытайдын жарандарына карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде катуу чара көрүү тапшырмасы берилди», — деди Ташиев.
УКМКнын төрагасынын айтымында, айланып өтүү жолундагы көпүрөлөрдү куруп жаткан кытай жумушчуларынын жергиликтүү тургунду сабаганы боюнча 44 кытай жараны кармалган. «Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында 16 жаран СИЗОго камалды, калган 28 жаранга айып пул салынды. Мыйзам бузган чет элдиктердин кармалышы жана депортацияланышы курулуш иштеринин жайлашына алып келди. Ошого карабастан, Кыргызстандын мыйзамынын негизинде ар кандай бузуу фактыларын катуу түрдө токтотуу милдети турат», — деп баса белгиледи Ташиев.
Ал белгилегендей, бул окуядан кийин мамлекеттик жана жеке ишканаларга, курулуш жана логистикалык компанияларга — түшүндүрүү жана профилактикалык иштерди жүргүзүү, ошондой эле чет элдик жарандардын иштеши жана убактылуу жашашы үчүн шарт түзүп, алардын объекттен сыртка чыгуусуна тыюу салуу боюнча тапшырмалар берилди.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



