Эми сиз карыздарыңызды жана өлкөдөн чыгууга болгон тыюу салууларды онлайн режиминде текшере аласыз
Башкы прокуратуранын алдында иштеген Сот аткаруучулар кызматы карыздар жана өлкөдөн чыгууга коюлган чектөөлөрдүн статусун текшерүү үчүн онлайн-порталды ишке киргизди.
Ачыктыкты жогорулатуу, жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү жана аларды өз убагында маалымдоо максатында Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматы жаңы онлайн-порталды иштеп чыгып, колдонууга берди. Портал аркылуу жарандар өздөрүнүн карыздарынын бар-жогун, өлкөдөн чыгууга коюлган чектөөлөрдү, ошондой эле жооптуу сот аткаруучунун байланыш маалыматтарын текшере алышат, — деп айтылат кызматтын билдирүүсүндө.
Жаңы платформа көпчүлүк жарандар чет өлкөгө учар алдында гана чектөөнүн бар экенин билип, сапарларын мажбурлап токтотууга туура келген жагдайларды алдын алуу үчүн түзүлгөн.
Бул порталдын жардамы менен жаран алдын ала төмөнкүлөрдү жасай алат:
өзүнө катталган карыздардын бар же жок экенин текшерүү;
өлкөдөн чыгууга тыюу салынган- салынбаганын билүү;
жооптуу сот аткаруучунун аты-жөнүн, телефон номерин жана башка байланыш маалыматын алуу;
чектөөнү алып салуу же көйгөйдү башка жол менен чечүү үчүн сот аткаруучу менен дароо байланышуу.
Порталга кирүү үчүн жетиштүү болгон кадамдар:
мобилдик телефондун камерасы аркылуу атайын QR-кодду сканерлөө;
өзүнүн ИНН номерин киргизүү;
учурдагы карыздар жана чектөөлөр боюнча толук жана актуалдуу маалымат алуу.
Сот аткаруучулар кызматы жарандарды маалыматтарын алдын ала текшерип, зарыл болгон учурда жооптуу кызматкерлерге кайрылууга чакырат. Жаңы сервис кызматтын ишинин ачыктыгын жогорулатып, калк үчүн максималдуу ыңгайлуулукту камсыздоого багытталган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



