Алтынбек Пирматовдун иши үчүнчү судьяга өттү

Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы башчысы Алтынбек Пирматовдун кылмыш иши үчүнчү судьянын кароосуна өттү. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.
 
Маалыматка ылайык, Пирматовдун жактоочусу буга чейинки судьяларга ишенбөөчүлүк билдирген. Анын натыйжасында иш экинчи судьянын өндүрүшүнөн алынып, эми үчүнчү судьяга жиберилди.
 
Буга чейин Пирматовдун сот отуруму 2024-жылдын 27-декабрына белгиленген. Бирок прокурор менен жактоочунун соттук жараянга келбей калышынан улам процесс жылдырылган. Кийинчерээк Пирматовдун жактоочусу судьяга ишенбөөчүлүк билдирип, иш башка судьянын кароосуна жөнөтүлгөн.
 
Сот Пирматовдун камактагы мөөнөтүн 2024-жылдын 13-февралына чейин узарткан.
 
Айыптоо иши
 
Алтынбек Пирматовго каршы кылмыш иши 2024-жылдын ноябрь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тарабынан козголгон. Тергөөнүн маалыматына ылайык, ал Ош шаардык кеңешинин мурдагы депутаты И.А.Ш.га Туран кичи районундагы 2,2 гектар жер тилкесин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча айыпталууда.
 
Тергөө материалдарына караганда, Пирматов Ош шаардык мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы болуп турган учурда жер тилкесин жеке менчикке өткөрүү максатында жасалма аукцион уюштурууга көмөктөшкөн. Айыптоо актысына ылайык, бул жер тилкеси сел суусун агызуучу каналдын аймагына тиешелүү болгон.
 
Учурда тергөө жана соттук процесс уланууда.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз