Депутаттык шайлоого катышуу үчүн кызматтан кеткен Замир Юсуповдун ордуна Мирлан Казыбай уулу дайындалды
Сүрөт: Жакшылык Токтогон уулу жана Мирлан Казыбай уулу.
Мирланбек Казыбай уулу Ош шаарынын мэринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Ош мэриясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка мэр Жеңишбек Токторбаев кол койгон.
Казыбай уулу буга чейин Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы болуп иштеп келген.
Мирлан Казыбай уулу Жогорку Кеңештин депутаттыгынын мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоосуна катышуу үчүн кызматтан кеткен Замир Юсуповдун ордуна дайындалды. Замир Юсупов курулуш тармагын тейлеген вице-мэр болуп бир нече жыл иштеген.
Муниципалитеттин басма сөз кызматы кабарлагандай, Жеңишбек Токторбаев башка буйругу менен Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы кызматына Жакшылык Токтогон уулун дайындаган.
Ал мурда ушул эле башкармалыктын башчысынын орун басары болуп иштеп келген.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



