Экс-депутат Президенттин Ош облусундагы өкүлү болуп дайындалды

Президенттин администрациясы 3-декабрда билдиргендей, Аманкан Кенжебаев Ош облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Кенжебаев — Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты. Буга чейин ал Сокулук районунун акими кызматын ээлеп келген.

Ал мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоодо №19 округдан талапкер болуп чыккан.

Мурда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген Эльчибек Жантаев Мамлекеттик кадр кызмат жана МСУ иштер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз