УКМКнын Оштогу башкармалыгын Салмоор Жумабеков жетектейт
Салмоор Сабырбекович Жумабеков УКМКнын Ош шаары жана Ош облусундагы башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу "АКИpress" агенттиги өз булактарына шилтеме берүү менен жазды.
Буга чейин ал борбор калаанын УКМКсын жетектеп келген.
Жумабеков бул кызматка Даниэль Рысалиевдин ордуна келди. Ал эми Даниэль Рысалиев УКМКнын төрагасынын орун басары — Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялоо борборунун директору болуп дайындалган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



