УКМКнын Бишкек шаарындагы башкармалыгына жаңы жетекчи келди
УКМКнын полковниги Элдар Жакыпбеков Бишкек шаардык УКМКнын башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу 3-декабрда "АКИпресс" агенттиги булактарына шилтеме берип жазды.
Буга чейин ал Чүй облусун тейлеген УКМК башкармалыгын жетектеп келген.
Жакыпбеков бул кызматка Салмоор Жумабековдун ордуна барды. Ал эми Салмоор Жумабеков Ош шаары жана Ош облусу боюнча ГКНБ башкармалыгын жетектөөгө жиберилди.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



