Президенттин Ош облусундагы жаңы өкүлүн жамаатка тааныштырышты

Бүгүн, 3-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев эмгек жамаатка жана Ош облусунун активине Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп жаңы дайындалган Аманкан Кенжебаевди тааныштырды. Бул тууралуу аталган өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чарага Ош шаарынын мэри, аппарат кызматкерлери, район акимдери, ошондой эле облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери, аксакалдар катышты. Данияр Амангельдиев өз сөзүндө аймактарда мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашырууда өкүлчүлүктүн маанилүү ролу бар экенин белгилеп, калк менен тыгыз иш алып баруу жана Президенттин тапшырмаларын так аткаруу зарылдыгын баса белгилеп, бул жаатта Аманкан Кенжебаевдин тажрыйбасы бар экенин айтып, жаңы кызматында ийгилик каалады.

«Жолугушуунун жүрүшүндө буга чейин Ош облусун башкарып келген Эльчибек Джантаевди расмий узатуу аземи да өткөрүлдү. Эльчибек Джантаев кызматтык ишинде мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн координациялап, райондорго үзгүлтүксүз чыгып, калк менен тыгыз байланышта болуп, социалдык жана инфраструктуралык маселелерди чечүүгө өзгөчө көңүл бурганы үчүн жогору бааланды. Ошондой эле Эльчибек Джантаевге “Ош облусунун ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды», - деп айтылат маалыматта.

Өкүлчүлүктүн кызматкерлери, акимдер жана облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери Эльчибек Джантаевге жасаган эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, анын облустун өнүгүүсүнө кошкон салымын баса белгилешти жана жаңы кызматына ийгилик каалашты.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз