Көмүр кенин алдырып жибергенин айткан жарандар өлкө жетекчилигине кайрылышты
14 жылдан бери «Жиптик» дыйкан чарбасына тиешелүү көмүр кенди С.А аттуу жаран мыйзамсыз казып, 88 жаштагы эненин үйүн тартып алды. Бул тууралуу кечээ, 2-декабрь күнү "АКИпресс-Ошто" өткөн маалымат жыйында Кара-Суу районунун тургундары билдиришти, деп жазат "Турмуш" басылмасы.
Алардын айтымында, «Ж.Ч» деген компаниянын директору С. А. аттуу жаран Загара көмүр кенин (Кара-Суу районунун Папан айыл аймагына караштуу) мыйзамсыз басып алган. Ошондой эле 88 жаштагы аялдын үйүн тартып алган.
«Жиптик» дыйкан чарбасынын башчысы Сайпидин Ботобеков окуяны мындайча баяндады.
«Биз «Жиптик» дыйкан чарбасы 2002-жылы 49 жылдык мөөнөткө көмүр казуу үчүн 30 гектар жер алганбыз. Ошол жерди алып, ошол көмүр кенге жол куруп жүргөнбүз. 2008-жылы С.А. аттуу жаран «Жиптик 1» дыйкан чарбасын түзүп туруп, жасалмаланган сатуу-сатып алуу келишимин даярдап, ал жерди өзүнө өткөрүп алган. Аны биз сотко берип, далилдегенден кийин, 2012-жылы Токой чарбасынан 71 гектар жер алат дагы, кайра эле биздин жерден көмүр каза баштайт. Негизи ага Токой чарбасынан берилген жер башка жерде, а бирок кайра эле биздин жерди иштетип баштаган. Тактап айтканда, көмүр казууга берилген лицензиясын биздин жерге тууралап алган.
Мына 14 жылдан берип ушул иш менен алектенип, күрөшүп келе жатабыз. Деги эле чындыкка жетпей койдук. Биз кайрылбаган мамлекеттик органдар калбады. Соттон биз утканбыз. 30 гектар жерге биздин укугубуз катталып турат. Бул боюнча укук коргоо органдары да ишти бири-бирине өткөрүп жүрүп, адилеттүү чечим чыкпай жатат. УКМКга да жаздык, ал жакта да чечилген жок бул маселе. Эгерде УКМКнын төрагасы Камчыбек Кыдыршаевич сурай турган болсо, мына бизде толтура далилдер бар.
Мени уктатпай, кыйнап жаткан дагы бир маселе бар. С.А. көмүр кенди ооган жаранына саткан. Аны аз келгенсип кытай жаранына сатайын деген жеринен биз Адилет министрлигинен (Юстиция министрлиги) токтотуп калганбыз. Ушул жерде бизди кыжалат кылган маселе, биз арыз жазсак карабайт дагы, ооган жараны арыз жазса, С.А.ны укук коргоо органдары камашты. 10-15 күн камапа, кое беришти. Мен 14 жылдан бери арыз жазсам, эмне үчүн менин укугумду коргобойт дагы, бир ооган жараны бир жолу арыз жазса аныкын карайт? Кептин баары ушул жерде жатат. Коррупциянын элементтери ушул жерде жатат. Ошондуктан, урматтуу Садыр Нуркожоевич, Камчыбек Кыдыршаевич, биздин маселени адилеттүү карап берүүңүздөрдү суранабыз», - деди ал.
Ошондой эле, Ош облусунун Кара-Суу районунун Манас айыл өкмөтүнүн Беш-Мойнок айылынын 88 жаштагы тургуну Тазил Тажибаеванын ишенимдүү өкүлү, укук коргоочу Ураим Калматов буларга токтолду.
«Менин жанымда отурган Тазил Тажибаева эне. 88 жашта. Бул аялда С.А.дан запкы тартып келет. Бул энебиздин өзүнүн күйөөсүнөн калган үйү менен 30 сотых жери болгон. Ушул жогоруда киши менен мамилелеш болгон эки аял бул эне барып, «кыйналып калыпсыз, насыя алып берели» деп, бир кагазга кол койдуруп кетет. Бул эне аны билбей эле кол коюп берип коет. Көрсө ал аялдар ишеним катка кол койдуруп алышкан болот. Ошол ишеним кат менен алар үйүн, жерин өздөрүнө каттап алышкан. Бир күнү эле эне үйдө отурса, С.А. «үй бизге өттү» деп баласын, келинине күч колдонуп, көчөгө чыгарып коет. Кийин биз Камчыбек Ташиевге кайрылганбыз. Ошол учурда Оштун УКМКсына чакырып алар, ошол эненин 30 сотых жеринин 10 сотых жерин алып, үй салып беришти. Бирок, 20 сотых жери калып кетти да. Ошону да алыш керек болчу. Анан калса эненин урганы боюнча укук коргоо органдарына арыз жаздык, бири да карабай коюшту. Ошондуктан, биз да өлкө жетекчилигинен жардам сурайбыз», - деди ал.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



