Министрлер кабинети айдоочулук күбөлүктүн жаңы үлгүсүн бекитти

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүнүн 2025-жылкы үлгүсүнүн сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн бекитти.

3-декабрдагы №773 токтомго ылайык, төмөнкүлөр белгиленди:

2019-жылкы үлгүдөгү улуттук айдоочулук күбөлүктөрдүн бланктары түгөнгөнгө чейин алардын берилиши улантылат;

Ал бланктар түгөнгөн соң, жарандарга 2025-жылкы үлгүдөгү улуттук айдоочулук күбөлүк бerиле баштайт.

Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборго тапшырылды:

2025-жылкы үлгүдөгү улуттук айдоочулук күбөлүктөрдүн үлгүлөрүн зарыл болгон өлчөмдө Тышкы иштер министрлигине берүү — чет мамлекеттерди Кыргызстанда жаңы үлгүдөгү күбөлүктөрдү киргизүү тууралуу маалымдоо үчүн;

Токтомдон келип чыгуучу бардык чараларды көрүү.

Президенттин Иш башкармалыгынын алдындагы «Кызмат» мамлекеттик мекемеси жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү персонификациялоого ыйгарым укук алды.

Тышкы иштер министрлиги да чет мамлекеттерге маалымат берүү боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзөт.

Бул чечим Кыргызстанда унаа айдоого укук берген жаңы үлгүдөгү улуттук айдоочулук күбөлүктү киргизүү максатында кабыл алынды.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөн соң күчүнө кирет.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз