Шайлоо-2025: №13 округдан шайлоого катышкан талапкерлер кайра боло турган шайлоого катыша алышпайт
Жогорку Кенешке депутаттыкка №13-аймактан талапкер болгон адамдар кайра шайлоого катыша албайт. Мындай чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында кабыл алынды.
БШК №13-аймак боюнча парламент депутаттарын шайлоонун мөөнөтүнөн мурда өтүшүн аныкталган мыйзам бузуу фактыларына байланыштуу жараксыз деп тапты. Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы боюнча талапкерлер Бактыбек Сыдыков, Айбек Алтынбеков жана Айгүл Карабекова алдыда келе жатышкан.
Бул аймакта жалпы 75 миң 699 шайлоочу добуш берди. Шайлоого төмөндөгү талапкерлер катышкан:
1. Бактыбек Сыдыков — 19 278 голосов
2. Айбек Алтынбеков — 14 682
3. Талант Мамытов — 13 301
4. Айгул Карабекова — 9 430
5. Сайдулла Нышанов — 3 808
6. Гулназ Нурбаева — 3 803
7. Олмаскан Султанова — 3 767
8. Чинара Джураева — 2 489
9. Гулназ Жээнбекова — 1 098
10. Айбек Саипов — 972
11. Мейкинбек Абдалиев — 854
12. Нурланбек Кенжебаев — 700
13. Жаныбек Курбаналиев — 520
14. Мунара Маматалиева — 325
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



