Жер ресурстары агенттиги кадастрдык план канча мөөнөттө даяр болорун айтты
Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Жакшылык Токтосунов пресс-конференцияда кадастрдык план түзүүнүн мөөнөттөрү боюнча маалымат берди.
Анын айтымында, эгер документ мурда мамлекеттик акт түрүндө түзүлбөсө, жер участогуна чыгып көрүү иштери жана өлчөө жүргүзүлбөсө, анда документти даярдоо мөөнөтү — чек араларды аныктоо, съемка жүргүзүү жана менчик укугун каттоону кошкондо — 12 иш күнүнө чейин созулат.
«Эгер жер тилкеси мурда эле түзүлүп, маселе жаңы кожоюн үчүн кадастрдык пландын алынуусунда гана болуп жатса, анда документ бир күндүн ичинде даяр болот», — деди ал.
Токтосунов белгилегендей, соттук териштирүүлөр кадастрдык планды даярдоодон баш тартууга негиз болушу мүмкүн.
Кыргызстанда «кызыл» жана «жашыл» китептердин ордуна кадастрдык пландар киргизилүүдө. Бул чечим Жер кодексинин жаңы редакциясына ылайык кабыл алынган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



